• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жума намазга эл менен бирге: Жээнбеков Чолпон-Атадагы мечитке коштоосуз барды

Президент 0


Бишкек, 04.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы мечитке Жума намазга эч кандай коштоосуз, курчоосуз жана кортежсиз барган.

Күбөлөр мамлекет башчынын автоунаасы трасса аркылуу катардагыдай эле кетип жаткандыгы тартылган видеону социалдык түйүндөргө жарыялашкан. Видеонун автору колдонуучу Улан Жумаков.

“Жолду эч кандай тосуусуз жана курчоосуз эле ал жөн гана мечитке кирип кетти. Карапайым калк менен болуу – бул сый-урматты жаратат”,-деп жазган ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына.

Видеону бир сааттка жетпей эле 1000 адам көрүп, ар кандай мүнөздөгү онго жакын ой-пикир жазылган. Интернет колдонуучулары президентти колдоп, келечекте да ушинтип карапайым калк менен бирге болооруна ишеним артышты.

Пикир

Оставить комментарий