• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жумабеков: Балдар биздин байлыгыбыз жана келечегибиз

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумбеков кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан жалпы бөбөктөрдүн майрамы саналган Балдарды коргоо күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бул жагымдуу майрам биринчи жолу мындан 70 жыл мурун 1950-жылы белгиленген. Андан бери узак убакыт өткөндүгүнө карабай Балдарды коргоонун эл аралык күнү өз маанисин жоготпой, балдардын көйгөйүнө көңүл бурууга, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү бөбөктөргө жана кароосуз калган наристелерге көмөк көрсөтүүгө үндөп келет.

Бүгүн мен мамлекеттин тармактык органдарын, ишкерлерди, коомдук оюмдарды жана кайдыгер эмес бардык жарандарды өсүп келе жаткан муундарга өзгөчө көңүл бурууга чакырам. Себеби балдар – зор бакыттын бир кичине бөлүгү, жашообузду жакшылыкка жана кубанычка толтурган периштелер болуп саналат.

Биз күчүбүздү бириктирүү менен кароосуз калган бардарды тарбиялоо жана алардын керектүү муктаждыктарын камсыздоо багытындагы көйгөйлөрдү чече аларыбызга ишенем.

Бул чакырык Кыргызстандагы бардык балдардын татыктуу жашоосуна багытталган кайрымдуулук иштеринин көбөйүшүнө өбөлгө болот деген үмүттөмүн. Анткени алар биздин байлыгыбыз жана келечегибиз!

Дагы бир жолу Балдарды коргоо күнү менен куттуктап, ар бир бала камкордукка чулганып, бактылуу өмүр сүрсүн деген тилегимди билдирем!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков

Пикир

Оставить комментарий