• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айдаров Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагалыгына шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.06.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин депутаты Айдаров Салайдин Абдираевич бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүү жыйынтыгында бир добуштан Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагалыгына шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды. Ал буга чейин ушул эле тармактык комитетке мүчө болуп келген.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Салайдин Айдаровду жаӊы кызмат орду менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий