• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жумушчу топ Чүйдөгү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин киргизилиши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 04.01.19 /Кабар/. Президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Санжар Исабаев жана сот-укуктук реформанын иш-чараларына мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун (ЭЖТ) мүчөлөрү Чүй облусунда жаңы процессуалдык кодекстердин жана мыйзамдардын жоболорун жана ошондой эле Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин (КЖБР) киргизилишинин жүрүшү менен таанышышты.

Санжар Исабаев жана ЭЖТ мүчөлөрү Чүй облустук прокуратурасына, Аламүдүн РИИБине, Ысык-Ата РИИБине, Райондор аралык экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматына, Чүй облустук сотуна барышып, прокурорлор, тергөөчүлөр, тергөөчү судьялар менен жолугушууларды өткөрүштү.

КЖБРге каттоонун жүрүшү, кодекстерди колдонуудагы кыйынчылыктар менен таанышып, жеринде Башпрокуратура, ИИМ, Жогорку сот, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын реформаларды ишке ашыруу боюнча ишине байкоо жүргүзүштү.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан баштап, сот-укуктук реформанын алкагында «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» ишке киргизилди — бул сотко чейинки иш-чаралар, процессуалдык иш-аракеттер, кылмыш иши же жоруктардын ишинин жүрүшү, кылмыш соттук иши боюнча арыздангандар жана катышуучулар жөнүндө киргизилчү маалыматтардын электрондук базасы.

Пикир

Оставить комментарий