• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Журналист Эгизбаев чөгүп кеткен пансионаттын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Журналист Улан Эгизбаев чөгүп каза болгон пансионаттын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Ысык-Көл ОИБси журналист Улан Эгизбаев жубайы менен эс алып жүргөн пансионаттын администрациясына карата бардык материалды чогулткан.

“Администрациядан сырткары абалга көз салбаган үч куткаруучу да тартылат. Администрация болсо чуңкурлар бар жерди көрсөткөн кандайдыр бир белги коюш керек болчу”, - деди ал.

Аталган факты боюнча “Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү” беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдары жүрүүдө.

Эске сала кетсек, журналист Улан Эгизбаев 22-июлда каза болгон. Ал Ысык-Көлдө жубайы менен эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп кеткен. Ал болгону 28 жашта болчу.

Пикир

Оставить комментарий