• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жер тилкесин сатып, бирок каттатпай качып жүргөн. Аламүдүндө алдамчылыкка шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук милициясына Д.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда 2015-жылы алдоо жолу менен жер тилкесин ишеним кат аркылуу сатып, кийинчерээк жерди мыйзамдуу каттатып берүүнү убадалап, бирок, ар кандай шылтоолор менен качып жүргөн адамга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 1986-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий