• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасма 29-августтан тарта кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт

Маданият 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Жусуп Абдрахманов тууралуу толук метраждуу даректүү тасма 29-августтан тарта өлкөнүн кинотеатрларынан көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Ага чейин 26-28-июнь күндөрү "Ала-Тоо" кинотеатрында тасманын презентациялык көрсөтүүлөрү болуп өтөт.

Даректүү тасманын режиссеру – Эрнест Абдыжапаров. Сценарийин Бакыт Орунбек жазган.

Жусуп Абдрахманов советтик жана кыргыз мамлекеттик ишмер, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин биринчи төрагасы болгон. Ал Сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп, 1938-жылы атылган.

Пикир

Оставить комментарий