• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери 300дөн ашык бажылык укук бузуу фактысы аныкталды – Бажы кызматы

Экономика 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. 2019-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча 341 бажылык укук бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен:

1. Бузуулардын бирдиктүү реестрине – 256 факты катталган, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18 фактыга көп.

Бузуулар тууралуу иштер боюнча бажы төлөмдөрү 24,8 млн. сом суммасын түздү.

Өндүрүлгөн айып санкциялары – 2,2 млн. сом суммасын түздү.

2. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине – 85 факты катталган, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 фактыга көп.

Аны менен бирге мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу 25,9 млн. сомду түздү, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,1 млн. сомго көп.

Жалпысынан, 2019-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын ишмердигинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке кошумча түшүрүлгөн сумма 53 млн. сомду түздү, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,8 млн. сомго көп.

Пикир

Оставить комментарий