• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

9 айда республикалык бюджеттин чыгашалары 187,4 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында республикалык бюджеттин чыгашалары 187,4 млрд сомго жетти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы бул көрсөткүч 127,7, млрд сомду түзгөн. Ошентип, быйылкы жылы бюджеттик чыгашалар 59,7 млрд сомго өстү.

“Чыгашалардын өсүүсү эмгек акы жана жөлөк пулдарды жогорулатууга байланыштуу. Мунун негизинде былтыркы жылга салыштырмалуу социалдык тармакта чыгашалардын көлөмү 24,9 млрд сомго көбөйдү. Ошондой эле реалдуу секторго 39,2 млрд сом бөлүнгөн, же бул өткөн жылга салыштырмалуу 20,4 млрд сомго көп. Мындан тышкары, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга олуттуу каражат жумшалды”, - деди Дүшеева.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, мамлекеттик сектордун чыгашалары 7,2 млрд сомго көбөйдү, бул негизинен эмгек акынын жогорулатуу жана жергиликтүү бюджеттерге берилген максаттуу трансферттер менен байланыштуу.

Пикир

Оставить комментарий