• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Фондулук рынок: Кыргызстанда биринчи жолу “Салымфинанс” компаниясын IPOго чыгаруу ишке ашырылды

Экономика 0

Бишкек, 30.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Фондулук рынокту өнүктүрүү максатында 2020-жылдын сентябрь айында “Салымфинанс” ААК компаниясын IPOго чыгаруу ишке ашырылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, IPOго (биринчилерден болуп акцияны сатуу) чыгуу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болду.

"Ушул долбоор өзүн толук актады, фондулук биржага акцияларды жайгаштырган күндөн тартып 10 күндүн ичинде баардык акциялар сатылып өткөрүлдү. Мындай иш-чара компанияга 50 млн сомду кошумча тартууга мүмкүндүк берди. IPO өлкөнүн капитал рыногун өнүктүрүүчү, республикабыздын беделин жогорулатуучу жакшы белги болуп саналат. Ал өз кезегинде өлкөнүн финансылык рыногун өнүктүрүүгө түрткү берет. Ушул окуя Мамфинкөзөмөлдүн жана Кыргыз фондулук биржасынын майнаптуу иштеринин натыйжасы болуп саналат", - дейт ал.

Кожошев аталган кызмат эл аралык рыноктордун талаптарына ылайык мыйзамдык базанын даярдалышын камсыз кыла алганын айтат.

"Кыргыз фондулук биржасы процесстердин баардык талаптарына жана шарттарына ылайык жайгаштырууларды камсыз кылды. Баалуу кагаздар рыногу санариптик технологияларды жигердүү кабыл алган негизги чөйрөлөрдүн бири болуп саналат. Азыркы учурда фондулук рыноктогу брокерлер кызматтарды, мисалы соода-сатык, маалыматтык жана башка операциялар боюнча аралыктан кызматтарды көрсөтүүнү жүзөгө ашырып жатышат. Санариптик технологияларды пайдалануу финансылык кызматтарды алууга жумшалуучу убакыттарды олуттуу кыскартууга, операцияларды жасоонун нарктарын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берүүдө", - деп кошумчалады Кожошев.

Пикир

Оставить комментарий