• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 111 млрд сомду түздү — Статком

Экономика 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-февраль айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча, 111 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6%га өскөн.

Орозбаева белгилегендей, ИДПнын өсүшүнө товарларды өндүрүүчү өнөр жайдын көлөмүнүн өсүшү таасир эткен, ал тармакта – 27,7%ды, тейлөө чөйрөсү – дээрлик 50%ды, айыл чарба продукциясы – 6%ды, курулуш – 3%ды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий