• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жыл башынан бери Кыргызстанда 2 миңден ашык киши кызамык менен ооруган

Ден соолук 0

Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанда 2 миңден ашык киши кызамык менен ооруган.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин отчетунда айтылгандай, өткөн жылга караганда быйыл кызамык менен ооругандардын саны 17 эсеге өскөн. Маселен, быйыл 2066 учур катталса, 2018-жылы 119 учур болгон.

Андан тышкары, көк жөтөл менен ооругандар 1,4 эсеге өскөн: 2018-жылы 83, быйыл 116 учур катталган.

Ошондой эле, паротит менен ооругандар 5,1 эсеге көбөйгөн: быйыл 488, былтыр 93 учур болгон.

Пикир

Оставить комментарий