• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жыл башынан бери Талас облусунда 2 млрд 49,4 млн сом инвестиция тартылды – облус башчысы

Экономика 0

Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. Жыл башынан бери Талас облусунда 2 млрд 49,4 млн сом инвестиция тартылды. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, инвестиция былтыркыга караганда 1 млрд 229,8 сомго же 2,5 эсеге көп тартылган.

“Пандемияга карабастан 5 ай ичинде салык төлөмдөрүн чогултуу жакшы көрсөткүч менен жыйынтыкталды. Алсак, салык төлөмдөрү мамлекеттик бюджетке планда каралган 318,9 сомдун ордуна 419 млн сом өлчөмүндө чогултулуп, план 131,4%га аткарылды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий