• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Зордуктоого шектелген Оштун тургуну Бишкекте кармалды

Кырсык 0

Ош, 05.03.19. /Кабар/. Зоруктоого шектелип издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1989-жылкы Т.А., аттуу тургуну 3-мартта Бишкек шаарынын аймагынан криминалдык милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан колго түшкөн. Ал зордуктоого шектелүүдө.

2019-жылдын 10-январында шектүү адамга издөө жарыяланган. Тергөө иш-аракетинин жыйындыгында анын эки уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Кармалган жаран Кара-Суу райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий