• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

2017/2018 күз-кыш мезгилинде мода болуучу 8 свитер

Дүр дүйнө 0

Суук түшүп, кыш мезгили жакындап калганда биз айымдар сулуулуктан жылуулук деп сандыкта катылып жаткан свитер же калың күрмөлөрдү таап чыгып, кийе баштайбыз.

Свиттерлер, калың күрмөлөр, калың жана жука жип менен тигилген ар кандай кардигандар – булардын бардыгы күз-кыш мезгилинде кийиле турчу кийимдер. Дизайнерлер 2017/2018 күз-кыш мезгилинде мода болуучу жылуу кийимдердин айрым түрлөрүн сунушташты.

Саркеч принттер

Саймалап өзгөчө кооз сүрөттөр түшүрүлүп тигилген свитерлер. Ачык түстөгү, бир караганда козго дароо урунган свитерлердин жакшы көрөсүзбү, анда быйыл албетте дүкөнгө барып сатып алыңыз, себеби дегенде мындай свитерлер кышында абдан эле суроо талапка ээ болот.

Свитер жана кофталардын заманбап стилдери

Кыштын суук мезгилинде өтө чоң эмес - Pasarela, Marcelo-Burlon свитерлери мода болот. Ошондой эле “Оверсайз” стилиндеги узун көйнөктөр - Nina Ricci, Maxmara, Altewaisaome, болеролор- Salvatore Ferragamo мода болот.

70-жылдардын стили

Учурдун кийинүү манерасы – кадимки эле 70-80-жылдарга кайтып баргандай түр калтырат.

Оверсайз

Формасы жок, кенен тигилген свитерлер 2017-жылда жана 2018-жылдын башында абдан эле популярдуу болот.

Кенен свитерлер

Кенен, бош свитерлер 2017-2018-жж дене мүчөсү тал чыбыктай ийилген саркеч кыздардын гардеробунда идеалдуу болчудай. Мындай күрмөлөр күзүндө кооз көрүнсө кышкысын сизди ызгаар сууктан сактайт.

Чоң жумшак жиптен тигилген свитерлер

Колго тигилген калың күрмө жана свитерлер кышкысын кыздар арасында абдан чоң суроо талапка ээ болот. Айрыкча нукура жүндөн тигилгендерди.

Чачылуу свитерлер

Үстү асты бөлөк түстө болгон кофталар

Акыркы кезде асты-үстү бөлөк түстө болгон жылуу кофталар да саркеч айымдар арасында өзүнүн популярдуулугун арттырып келет.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий