• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

21-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 17-июлдан 21-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

17-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

18-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 19-июлда күндүз, 20-июлда жана 21-июлда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

21-июлда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

17-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 18-21-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

17-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

18-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 18-июлда күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-июлда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

21-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

17-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 17-июлда күндүз жана 18-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 18-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-20-июлдарда жана 21-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт

21-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

17-июлда жана 18-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.18-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

19-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 20-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

21-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

17-18-июлдарда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-20-июлдарда жана 21-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

21-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий