• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

21-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. 21-ноябрдан 24-ноябрга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кээ бир райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 20-21-ноябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эртең, 21-ноябрда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3 градус, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7, Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0…5, күндүз 2…7 градус болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жамгыр, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус, күндүз 1…3 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий