• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте милиция кызматкерлери коомдук тартипти таңга чейин көзөмөлдөйт

Коом 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери шаарды күчөтүлгөн тартипте таңга чейин көзөмөлдөйт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов билдирди.

"Башында митинг тынч өтүп жаткан. Бирок бир нече убакыттан кийин чагымчылдык болуп кетти. Митингчилерди таратып жатканда унаа, дүкөндөрдүн айнектери талкаланды. Митингдин уюштуруучулары баары тынч өтөт деп сөз беришкен. Эми алар жана чагымчылык кылгандар келтирилген зыяндын ордун толтуруп, мыйзам боюнча жооп бериши керек. Милиция түнү бою иштешет. Канча адам кармалганы такталып жатат. Эртең менен так маалымат беребиз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий