• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

АӨБ жана ЮНИСЕФ Бишкек, Ош жана Нарын облустарынын ооруканаларына меджардам көрсөттү

COVID - 19 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жана ЮНИСЕФ уюму Бишкек, Ош жана Нарын облустарынын ооруканаларына 20 кычкылтек концентраторун, 20 кычкылтек агымын бөлүштүрүүчү аппаратын жана 27 пульсоксиметр белек кылышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, COVID-19 пандемиясынын шартында дүйнө жүзү боюнча COVID-19 менен ооруган бейтаптарды кароо үчүн кычкылтек концентраторлору жана пульсоксиметрлер колдонула баштады. Ал эми кычкылтек агымын бөлүштүрүүчү аппарат медициналык кычкылтекти бир эле концентратордон бир нече бейтапка таратууга мүмкүндүк берет.

Тапшыруулар АӨБдүн 200 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү өзгөчө кырдаалдардагы медициналык жардамынын алкагында Кыргыз Республикасына ЮНИСЕФ аркылуу жабдуу сатып алуу менен ишке ашырылды.

2020-жылдын апрель айынан тарта өлкө боюнча ооруканаларга 20 миң медициналык кол кап, 2000 коргоочу комбинезон, FFP2 классындагы 2300 респиратор, 300 эндотрахеалдык түтүкчө, педиатриялык 3000 канюля, чоң адамдарга арналган 8000 назалдык канюля жана аба өткөрүүчү жабдуулар,1500дөн ашык дем алуу системалары берилген.

Бардык медициналык жабдуулар жана чыгымдоочу материалдар ЮНИСЕФ тарабынан саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү жана тастыктамалары бар өндүрүүчүлөрдөн сатылып алынууда.

Пикир

Оставить комментарий