• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Аймактарды өнүктүрүү: Баткенде аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн шаарча курулууда

Аймак 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Баткен облусунун Баткен шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн шаарча курулууда. Бул тууралуу шаардын мэри Мамыржан Рахимов кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, шаарчаны курууга Кувейттен келген өнөктөштөр грант катары каражат бөлүшкөн.

"“А-сафа” коому көп жылдан бери биздин өлкөгө жардам берип келет. Багыттардын бири – өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн үйлөрдү куруу”, - деди ал.

Калаа башчысы кабарлагандай, ири жаңы конушта куруу иштери жакынкы убакта аяктайт.

“Биздин өнөктөштөр 100 үй курушууда. Алардын баардыгы аз камсыздалган үй-бүлөлөргө бекер берилет. Тандоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Андан кийин талапкерлердин тизмеси “А-Сафа” коомуна жөнөтүлөт. Ал жактан үй алуучулардын акыркы тизмеси аныкталат”, - дейт мэр.

Андан тышкары Рахимов шаарчанын ичинде баардык шарттарды жана жумушчу орундарды түзүү тууралуу айтып берген.

“Долбоор боюнча шаарчанын ичинде балдар ойноочу жай, футбол талаасы, дүкөндөр жана тигүүчү цехтер каралган”, - деди Рахимов.

Пикир

Оставить комментарий