• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Араванда таш иштетүүчү ишкананын продукциясы Россия менен Казакстанга чыгарылууда

Аймак 0

Ош, 11.07.19 /Кабар/. Ош облусунун Араван районундагы Араван айылында 2019-жылдын апрель айынан тарта жергиликтүү ишкерлер ачкан жаңы таш иштетүүчү ишкана иштеп келет.

"Натурал стон" ишканасынын иши менен таанышуу үчүн өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, анын орун басары Ахмаджан Мухаммадов, ЖК депутаты Абдувахаб Нурбаев жана жергиликтүү эл барган.

Ал ишкана эки жергиликтүү ишкер Санжарбек Таабалдиева жана Нурмухаммат Турсуновдун эсебинен 35 млн. сомго курулган. Ал жерде бир нөөмөттө 16 кишиден 2 нөөмөт иштешет. Алар чыгарган продукция - мрамор ташы Россия менен Казакстанга экспорттолот.

Ишкерлер ишкананын кубаттуулугун арттырууну көздөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий