• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 10-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, ошондой эле сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү. Мыйзам жашы жете элек өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоого, ошондой эле этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө шарт түзүүгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү милдети тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий