• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстанда маданий мурастарды чет өлкөлөрдөн кайтаруу боюнча борбор түзүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 20-июнда Өзбекстанга таандык чет өлкөдө сакталган маданий мурастарды иликтөө борборун түзүү боюнча токтомго кол койду.

Борбор чет өлкөдө сакталган маданий мурастардын тизмесин түзүү, аларды иликтөө иштери менен алектенет. Мындан тышкары маданий мурастарды өлкөгө алып кирүү жана өлкөдөн алып чыгуу боюнча мыйзамдардын аткарылышы менен натыйжалуулугун талдайт.

Президенттин токтомунда баалуу мурастарды өлкөгө кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгы айтылат.

Өзбекстан Маданият министрлиги маалымдагандай, союз учурунда Хива, Самарканд, Бухара музейлериндеги көөнө экспонаттар, алардын ичинде алтындан жасалган буюм-тайымдар Ленинградга чыгарылып кеткен. Учурда алардын көпчүлүк бөлүгү Эрмитаждын Чыгыш бөлүмүндө сакталуу. “Биздин президент алардын мекенине кайтарылышын каалайт. Бирок токтомдо азыр алынып келиниши керек деген сөз жок. Документте аларды кайтаруунун жолдорун издөө зарылдыгы айтылат”,-деди Өзбекстандын Маданият министрлигинин өкүлү.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий