• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ак-суу айылында мектептин спорт залы пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 29.12.19. /Кабар/. Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында Ак-Суу орто мектебинин курулушу 2015-жылы башталып, 2019-жылдын жаңы окуу жылына пайдаланууга берилген. Бирок, спорт залынын курулушу каражаттын жетишсиздигинен бүтпөй калган. Үч ай мурда республикалык бюджеттен каржылоо уланып, учурда курулушу аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

28-декабрда КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров баштаган жетекчилер жана айыл элинин катышуусунда спорт залы ачылып, ишке берилди.

Буга чейин окуучулар жана айылдагы жаштар 1965-жылы, ашар жолу менен курулган спорт залын пайдаланып келген. Эскилиги жеткен спорт залда машыгуу үчүн эч кандай шарттар болгон эмес. Бардык шарты бар спорт залынын ишке берилиши менен айыл жаштарынын спорт жаатындагы муктаждыктары чечилди. Айыл эли спорт залынын, көп улуттуу айыл жаштарынын ынтымагын бекемдөөдө да мааниси зор экенин белгилешти.

Белгилей кетсек, жалпы сметалык баасы 56 млн сомду түзгөн Ак-Суу орто мектеби 475 орунга ылайыкташкан. Кош тилдүү бул мектепте, окуу предметтери кыргыз жана өзбек тилинде окутулат.

Пикир

Оставить комментарий