• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Акыркы беш айда тышкы сооданын көлөмү 45%га өстү

Өкмөт 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. 2022-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча тышкы сооданын көлөмү 3,9 млрд долларды түзүп, 45%га өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин төрагалыгы алдында өтүп жаткан министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, экспорт 707,8 млн долларды түзүп, 4%га кыскарды, анын ичинде ЕАЭС мамлекеттерине 49,7%га өстү.

"Импорт 3,2 млрд долларды түзүп, 63,2% өстү", - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, учурда президенттин төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө. Анда 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө министрлер кабинетинин отчету угулууда.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий