• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Акыркы 12 күн ичинде коронавирус оорусунун жогорку өсүшү байкалууда — Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 12 күн ичинде коронавирус оорусунун жогорку өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул коронавирус инфекциясынын төртүнчү толкунунан кабар берет.

“Акыркы үч күндө оорунун күнүмдүк өсүшү 30 пайызды түздү, бирок катталган учурлардын 60 пайызында оору жеңил жана симптомсуз өтүп жатат. 2021-жылдын 5-декабрынан 2022-жылдын 5-январына чейин 165 үлгү даярдалып, Улуттук фтизиатрия борборуна секвенирлөөгө жиберилген. Алдын ала маалыматка караганда, “омикрон” штаммынын эки учуру аныкталды. Бул бейтаптар дарыланууда, абалдары туруктуу”, - дейт ал.

Акматова ушул жылдын 1-12-январында коронавирустун жалпы 1 376 учуру катталып, эң көбү Бишкекте (935 учур) болгонун кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий