• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Акыркы он күн ичинде Чүй облусунда 4 миң 696 жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Чүй облусунда 13-22-март аралыгында 4 миң 696 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы катталгандардын ичинен 32 айдоочу мас абалында, 1 миң 254ү катуу ылдамдыкта, 24ү тиешелүү документтери жок унаа башкарган. 84 унаа айып аянтчасына киргизилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий