• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте акысыз автобустар шаар тургундарын ташууну улантууда

Коом 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Бишкекте маршрут айдоочулары иш таштагандыгына байланыштуу, борбор калаада шаардыктарды бекер ташыган автобустар ишин улантууда, ошондой эле борбордун муниципалдык коомдук транспорту дагы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги тарабынан берилген автобустар №100 маршрут каттамы менен иштейт. "Алга" футболдук клубунан 18 орундуу автобус жана "Оптима" банкы берген унаалар №214 маршрут боюнча жүргүнчүлөрдү ташууда. №240 каттам боюнча Батыш автобекетинен 2, "Мадина" базарынан 2 автобус убактылуу каттап жатат.Ошондой эле шаар тургуну берген автобус №211 маршруту менен каттоодо. Ахунбаев, Байтик Баатыр көчөлөрү, Чүй жана Манас проспектилери боюнча, борбор калаанын активисттери тарабынан берилген 4 автобус шаар тургундарын жеткирүүдө.

Бишкек мэриясы көргөзүлүп жаткан колдоо үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Эскерте кетсек, 2-июндан тарта борбор калаада маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көтөрүп берүү талабы менен иш ташташкан. Буга байланыштуу коомдук транспорттун тартыштыгы байкалууда. Маршруттук таксилер бүгүн үчүнчү күн ишке чыгышкан жок.

Пикир

Оставить комментарий