• 87.86
  • 93.94
  • 1

Ала-Бука районунда 370 жарандын турак жайы мыйзамдаштырылды

Аймак 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Ала-Бука районунда 370 жарандын турак жайы мыйзамдаштырылып, кызыл китептери тапшырылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандарга кызыл китептерди райондун акими Кайырбек Чаргынбаев, акимдин биринчи орун басары Мирбек Тотонов жана райондук "Кадастр" мекемесинин башчысы Нуралы Дуулатов тапшырды.

КР министрлер кабинетинин "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүнө” токтомуна ылайык, турак жайын мыйзамдаштыруу боюнча 2204 жарандан арыз түшкөн.

Учурда Ак-Коргон айыл аймагынан 44,58 гектар жер аянты такталып, комиссиянын кароосунан өткөрүлүп, жер аянты турак жай багытына которулду жана 370 жарандын турак жайы мыйзамдаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий