• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кыргызстандык жаачылар Өзбекстанда өтчү Азия кубогуна катышат

Спорт 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын жаа атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ташкентте (Өзбекстан) өтчү Азия кубогуна катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мелдеш 30-апрелден 5-майга чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:

1. Улукбек Курсанаилев (СЧ);
2. Күлчоро Нурманбетов (СЧТ);
3. Мухаммел-Ислам Алмамбет уулу (СЧТ);
4. Айтурган Маматкулова (СЧ);
5. Жибек Канатбек кызы (СЧ);
6. Диана Канатбек кызы (СЧ);
7. Элиза Тыналиева (СЧ);

Белгилей кетсек, жаа атуу боюнча улуттук курама командасы башкы машыктыруучу Заирбек Бердибаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий