• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто Кыргыз википедиясын өнүктүрүүгө багытталган окутуу семинары өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинде “Кыргыз википедиясын тутумдуу өнүктүрүү" аталышындагы окутуу семинары өтүп жатат.

Окуу жайдан билдиришкендей, аталган семинарга окутуучулар, студенттер катышууда.

Дүйнөдө 300дөн ашуун тилде макалалар жарыяланган энциклопедия тутуму болуп саналган википедиянын кыргыз тилиндеги бөлүгү 2002-жылдын 3-июнь күнү ачылган. Кыргыз википедиясы күнүнө 20 миңден ашуун, айына 1,5 миллионго чейин окулат.

Билим берүүдө, кыргыз тилин, кыргыз маданиятын өнүтүрүүдө жакшы курал болуп саналган википедияда учурда кыргыз тилиндеги макалалардын аздыгы өкүндүрөрүн айткан уюштуруучулар окутуу семинардын алкагында ушул көйгөйдү чечүүгө салым кошуу зарылдыгын белгилешет.

Окутуу семинарынын алкагында факультет, колледждерден келип катышып жаткан студенттер тарабынан окуу жайдын тарыхы, эмгектенген илимпоздордун өмүр баяндары, ишмердүүлүктөрү даярдалып, википедияга киргизилип баштайт.

Окуу семинарын ОшМУ Кыргыз википедиясы менен биргеликте уюштурду. Эки күнгө пландаштырылган семинар бүгүн, 7-февралда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий