• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Анжиянда оорукана кызматкери пенсияга чыккан күндүн эртеси өз жанын кыйды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.02.18 /Кабар/. 20-февралда Анжиян облусунун Шахрихан районундагы медициналык бирикменин кадр бөлүмүндө иштеген 55 жаштагы Зульхумор Рустамованын сөөгү табылды. Ал муунуп өлгөн.

Экспертизадан кийин Шахрихан райондук ички иштер бөлүмү маркумдун денесин туугандарына өткөрүп берди. Учурда прокуратура тергөө иштерин жүргүзүүдө.

–Аял ооруп жүргөнбү же башка себептер менен өз жанын кыйдыбы – азырынча белгисиз. Биз протокол түзүп, прокуратурага өткөрүп бердик, – деди милиция кызматкери.

Зульхумор Рустамованын туугандарынын биринин айтымында, аны күч менен пенсияга жөнөтүшкөн, мындан улам ал депрессияга кабылып, өз өмүрүн кыйган.

Рустамованын кесиптештеринин бири билдиргендей, маркум жамааттын көзүнчө башкы дарыгерге пенсияга кеткиси келбей жатканын айткан. Бирок жетекчилик бюджетте акча тартыш экенин билдирип, анын “эс алууга” жөнөткөн.

Өлкө мыйзамдарына ылайык, Өзбекстанда эркектер 60, аялдар 55 жашында пенсияга чыгат.

Пикир

Оставить комментарий