• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Аскарбек Шадиевдин иши сотко өткөрүлүп берилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.11.18. / Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты жана мурунку биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин иши 2018-жылдын 20-октябрында Бишкектеги Биринчи май райондук сотуна өткөрүлдү. Бул тууларуу “Кабар” агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шадиевге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана жоопту кызматта отуруп ири өлчөмдөгү зыян келтиргени үчүн сырттан айып тагылган.

Эске сала кетсек, Шадиев 31-майда Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты ыйгаруу үчүн бөлүнгөн 30 миң доллар бюджеттик каражатты ээлеп алуу факты боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде депутат Шадиевге сыртынан айып тагылган.

Кийинчерээк УКМКдан билдиришкендей, Шадиев өлкөдөн чыгып кеткен жана ага карата Интерпол аркылуу издөө жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий