• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Азия-2018 чемпионатына тандоо: Кыргызстан Непалды утту

Спорт 0

Бишкек, 31.10.17 /Кабар/. Азия-2018 чемпионатына тандоо алкагында Кыргызстан Непалдын курама командасын 2:0 эсебинде утту.

Биринчи топту атаандаштардын дарбазасына Гүлжигит Бөрүбаев киргизсе, 95 мүнөт кошумча берилген убакыта Алимардон Шукуров экинчи голду киргизген.

Экинчи оюн 2-ноябрда өтөт, анда Кыргызстандын курамасы Омандын курама командасы менен ойнойт.

Эске сала кетсек, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия-2018 чемпионатына тандоо алкагында 19 жашка чейинки жаштар арасында футбол боюнча мелдеш өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий