• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткенде жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. Баткен облусунда же титирөө катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 20-ноябрда болжол менен саат 15:32де Баткен облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Кадамжай районунун Орозбеков, Сары-Талаа, Гайрат айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий