• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Баткен: куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын саны 122ге жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. 17-сентябрь саат 16:00гө карата алынган ыкчам маалыматтарга таянсак, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын саны 122 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, жети жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

  1. Баткен облустук бириккен ооруканасы – 41 жабырлануучу;
  2. Лейлек БДБ - 35 жабырлануучу;
  3. Кулунду БДБ - 3 жабырлануучу;
  4. Сүлүктү БДБ - 6 жабырлануучу;
  5. Улуттук госпитал – 21 жабылануучу;
  6. Улуттук хирургиялык борбор – 1 жабырлануучу;
  7. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 7 жабырлануучу;
  8. Ош облустук бириккен ооруканасы – 1 жабырлануучу.

Мындан тышкары, куралдуу кагылышуудан 24 кыргызстандык мерт кетти.

Пикир

Оставить комментарий