• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Базар-Коргон районунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо 87 пайыз аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыюу өнөктүгү кызуу жүрүп, 13-июлга карата буудай эгилген бардык эгин аянттарынын 87 пайызы, арпа эгилген аянттардын 76 пайызы жыйналды. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, район боюнча буудай аянттары жалпысынан 2537 гектарды түзөт. Анын 990 гектары сугат аянттары болсо, 1547 гектары кайракы аянттар. Ал эми 13-июлга карата 2205 гектары жыйналып алынып, жалпы аянттын 87 пайызын түздү.

Ошондой эле быйылкы оруп-жыюу өнөктүгү өткөн жылга салыштырмалуу кыйла уюшкандыкта жүрүп жатат. Мисалы, өткөн жылы ушул мезгилде 2070 гектар аянт жыйналып алынган болчу. Демек, быйыл 135 гектар аянт көбүрөөк жыйналып алынды.

Ушундай эле абал арпанын түшүмүн жыйноо жагынан орун алган. Район боюнча жалпы арпа эгилген аянт 2469 гектарды түзсө, анын 12 гана гектары сугат аянты, ал эми 2457 гектары кайракы жерлер. Быйыл 13-июлга карата 1880 гектар аянт орулуп, ал жалпы аянттын 76 пайызын түздү. Эгер салыштыра келсек, өткөн жылы 13-июлга карата 1705 гектар аянт жыйналган болчу, демек, быйыл 175 гектарга алдыга озуу бар.

Быйылкы жылы буудай түшүмүн жыйноодо 6 комбайн иштеп жаткан болсо, анын бири сырттан жардам катары тартылган. Ал эми өткөн жылы 5 комбайн иштеген.

Арпа түшүмүн жыйноо менен быйыл 5 комбайн алек болууда. Анын бири сырттан жардамга келген. Өткөн жылы арпа талааларында да 5 комбайн иштеген.

Пикир

Оставить комментарий