• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бензовоз 12 жаштагы кызды сүзүп кетти, учурда анын абалы оор

Кырсык 0

Бишкек, 22.02.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 68-чакырымында мазут ташуучу “MAN” үлгүсүндөгү бензовоз жол кырсыгына кабылып, оодарылып кеткен,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсыктын натыйжасында 15 тонна мазут төгүлгөн.

“Бензовоз жолду туура эмес жерден кесип өтүп бара жаткан 2006-жылы туулган К.Г., сүзүп кеткен. Жабыркаган 12 жаштагы өспүрүм Кара-Балта шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда абалы оор”,-деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий