• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Билим берүү министрлиги бала бакчаларда изилдөө иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. КР Билим жана илим министрлиги бала бакчаларда изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Алардын маалыматына ылайык, изилдөөлөр ЮНИСЕФ менен биргеликте билим берүү мекемелеринде бирдиктүү иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Изилдөөнүн максаты – балдар, ата-энелер жана тарбиялоочулар тарабынан улут, гендер жана башка өзгөчөлүктөрдү кабыл алуусун аныктоо.

Ошондой эле изилдөөлөр өзүнө бала бакчалардын тарбиялоочулары үчүн тренингдерди камтыйт. Кийин алар алган билимдерин балдар жана алардын ата-энелери менен өз ара байланышта колдоно алышат.

Пикир

Оставить комментарий