• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Бишкек мэри түркиялык компаниянын өкүлдөрү менен автобус сатып алуу маселесин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров япониялык Isuzu компаниясынын лицензиясы боюнча жеңил унаа жана автобустарды чыгарган түркиялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар кысылган жаратылыш газы менен жүргөн 12 метрлик 16 чоң орундуу автобустарды алуу механизмдерин талкуулашты.

Автобустар абанын булганышы менен күрөшүү боюнча техникалык жардамдын алкагында Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) эсебинен 5,4 млн еврого сатылып алынат.

Жолугушуунун жыйынтыгында япониялык Isuzu компаниясынын лицензиясы боюнча жеңил унааларды жана автобустарды чыгаруу боюнча түрк компаниясы менен "Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын ортосунда келишимге кол коюу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Белгилей кетсек, коомдук транспорт заманбап талаптарга жооп берет, кондиционер жана пандустар менен жабдылган. Жалпы сыйымдуулугу 85 киши, орундуктар - 21, ошондой эле майыптар арабасы үчүн орун бар.

Тейлөөнүн кепилдик мөөнөтү 2 жыл же 150 миң чакырымды түзөт. Транспортту жеткирүүнүн мөөнөтү келишимге кол коюлган күндөн тартып 2024-жылдын мартына чейин болуп саналат.

Маалымдама: Anadolu Isuzu орто сыйымдуулуктагы автобустарды жана шаарлар аралык автобустарды чыгаруу боюнча Европадагы алдыңкы компаниялардын бири болуп саналат жана анын негизги акционерлери - Түркиядан Anadolu Group, Isuzu Motors Limited жана Япониядан Itochu Corporation.

Пикир

Оставить комментарий