• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек-Ош жолунда эки бензовоз оодарылып, 26 тонна күйүүчү май төгүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 15.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кечээ, Бишкек-Ош унаа жолунда дароо эки күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып кеткен. Натыйжада жолго 26 тоннага жакын күйүүчү май төгүлгөн.

ӨКМнин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, биринчи унаа түшкө чукул жолдун 422-чакырымында катталган. Жеринде куткаруучулар жана өрт кызматы келишкен. Алардын маалыматы боюнча, жолго бир тоннага жакын май төгүлгөн

Экинчи кырсык болжол менен кечки саат 9га жолдун 326-чакырымында катталган. Экин жол кырсыгынын натыйжасында жолго 25 тоннага жакын күйүүчү май төгүлгөн.

Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Пикир

Оставить комментарий