• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте абакка телефон алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. №2 түзөтүү колониясына торттун ичине катылган телефонду алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Кылмыштуулуктун алдын алуу жана тыюу салынган нерселердин өтүшүнө бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында мекеменин ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан соттолгон С.К.га тамак-аш жеткирүүгө келген 32 жаштагы Ж.Б.га карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Тамак-ашты текшерүү учурунда торттун ичинен "SUMSUNG А-15" үлгүсүндөгү телефон табылган.

Жаран Ж.Б.га карата КР Укук бузуулар кодексинин 446-беренесинин негизинде 17 миң 500 сом айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий