• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте айдоочулар арасында мүлк салыгын төлөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Бишкекте айдоочулар арасында мүлк салыгын төлөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Биринчи май акимчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи май акимчилигинин кызматкерлери Бишкек ШИИББнын жана Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте 4-топтогу мүлк (транспорт каражаттары) салыгын төлөө боюнча айдоочулардын арасында профилактикалык иштерди жүргүзүштү.

Рейд Ала-Тоо аянтында, Чүй проспектисинде жүргүзүлүп, 25 унаа текшерилди, анын ичинен 3 унаага 4-топтогу мүлк (транспорт каражаттары) салык төлөнгөн эместиги аныкталып, аларга өз убагында төлөө зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Толук маалыматты 116 номери аркылуу алса болот.

Пикир

Оставить комментарий