• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте Гапар Айтиевдин 110 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды

Маданият 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-июнда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргыз эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 110 жылдыгына арналган мугалимдердин жана окуучулардын “Гапар Айтиевдин жолу менен” аталышындагы сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директорунун орун басары Алмакан Найзабекова жана Ош шаардык Гапар Айтиев атындагы атайын орто көркөм сүрөт мектебинин мугалимдери жана окуучулары катышты.

Көргөзмөнүн ачылышында Чыңгыз Эсенгул уулу катышуучуларды куттуктап, Гапар Айтиевдин 110 жылдыгына арнап атайын Ош шаарынан келип көргөзмө уюштуруп жаткан мугалимдерге жана окуучуларга ыраазычылык билдирди.

“Мындай иш-чараларды өткөрүүнү улуу сүрөтчү Гапар Айтиевдин чыгармачылыгына урмат-сый жана көркөм сүрөт өнөрүнө болгон астейдил мамиле катары кабыл алуудабыз. Окуу жайдын тарбиялануучулары Гапар Айтиевдин жолун улап сүрөтчү болушуна тилектешпиз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара жыл сайын кыргыз элинин улуу сүрөтчүсү Г.Айтиевдин элесине карата уюштурулуп келет.

Пикир

Оставить комментарий