• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте кара сөз түрүндө жазылган "Сагымбайдын Манасы" китебинин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Бишкекте "Манас" эпосунун Сагымбай Орозбаковдун академиялык вариантынын Рысбай Исаков иштеп чыккан кара сөз түрүндөгү "Сагымбайдын Манасы" китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, китеп Эл аралык Түрк академиясы менен Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун колдоосунда жарык көргөн.

Саамалыкка маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, "Түрк маданияты жана мурасы" фондунун президенти Гүнай Эфендиева, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, Азербайжан Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов, Академик Абдылдажан Акматалиев, КРнын президентине караштуу "Мурас" фондусунун төрагасы, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, КРнын улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков жана мамлекеттик, маданий-чыгармачыл интеллигенция, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, манасчылар, тарыхчылар, жана И.Арабаев атындагы КМУнун “Манас таануу” бөлүмүнүн студенттери катышты.

Иш-чарада президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Октябрь Капалбаев мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касманбетовдун куттуктоосун окуп, эл аралык фонд академия менен биргеликте чыгарылган китептин илимге, маданиятка кошчу салымы зор болоорун баса белгиледи.

Ошондой эле маданият министринин биринчи орун басары Иманалиев өз сөзүндө "Манас" театрынын жемиши жылдан жылга көбөйүп, улам жакшы саамалыктарды өткөрүп жаткандыгын баса белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий