• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте япон барабандары менен эксперименталдык шоу өтөт

Маданият 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. 23-24-октябрда Бишкекте Ч.Айтматов атындагы Эмен багында япон барабандары менен эксперименталдык шоу өтөт. Бул тууралуу Сорос-Кыргызстан» фонду билдирет.

Маалыматка ылайык, “Микстура” арт-фестивалы уланууда. Уникалдуу шоу ачык асман алдында ТЕНДО япон барабандарында ойногон топтун өзгөчө аткаруусунда өтөт.

“Дем алыш күндөрү ТЕНДО тобунун мүчөлөрү калаабыздын тургундарын япон барабанынын үнүн угууга жана бийге чакырышат”, - деп айтылат маалымтта.

Белгилей кетсек, ар түрдүү маданияттардын кесилишинде пайда болгон ТЕНДО тобу, ушунчалык башкача, бирок ошол эле учурда биздин маданиятка жакын КУБ эксперименталдык аткаруусун тартуулашат. Музыканттар өздөрүнүн үн аткарууларын таптакыр карама-каршы келген эки дүйнөнү, башкача айтканда, күнүмдүк жана руханий-маданий байланышкан форма катары сүрөттөшөт.

Концерттин негизги идеясы - ар түрдүү маданияттарды бир бүтүндүккө бириктирүүгө аракет кылуу, алардын ортосундагы байланышты жана гармонияны табуу.

Иш-чара 18:00дөн 19:30га чейин болмокчу. Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий