• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте үйдүн дубалынын кулашы боюнча кармалган эки прораб үй камагына чыгарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Бишкектин Ленин райондук соту көп кабаттуу үйдүн дубалынын кулашы боюнча кармалган эки прорабдын баш коргоо чарасын өзгөрттү.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, эки прораб үй камагына чыгарылды.

Эскерте кетсек, 26-мартта Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөсүнүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы эки кабаттуу үйдүн чатырына кулап түшкөн.

Аталган факты Кылмыш кодексинин 272-беренесинин 2-бөлүгү менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө дубалы кулаган көп кабаттуу үйдүн прорабдары 1966-жылы туулган И.А. жана 1962-жылы туулган Ж.М. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий