• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Бишкекте шаарды көрктөндүрүү боюнча үч айлык жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Бишкекте шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыяланды.

Муниципалиттен билдиришкендей, үч айлык 1-марттан 31-майга чейин созулмакчы.

"Ишемби, 4-мартта жазгы жалпы шаардык ишембилик өткөрүлүп, көчөлөр, короо-жайлар тазаланып, көчөттөр отургузулат", - деп айтылат маалыматта.

Ишембиликте имараттарга жана курулуштарга жанаша турган ирригациялык тармактарды, ошондой эле парктарды жана скверлерди тазалоого өзгөчө көңүл бурулат.

Чарбалык субъектилердин, уюмдардын жана мекемелердин ишембиликтерин өткөрүү жерлери райондук администрациялар тарабынан аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий