• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте КМШ жаштарынын Дельфи оюндарынын сынактык программалары башталды

Маданият 0

Бишкек, 07.10.23. /Кабар/. ​​​​Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Жаштарынын XVII Дельфи оюндарынын конкурстук программалары башталды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бүгүн Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейинде “Көркөм сүрөт искуссвосу” багыты боюнча сынагы старт алды.

Сынакка Кыргызстан, Россия, Азербайжан, Беларусь, Түркмөнистан, Армения, Өзбекстан жана Казакстандан 10 жаштан 25 жашка чейинки жаштар катышууда.

"Көркөм кол өнөрчүлүк" номинациясынын калыстар тобунун төрагасы болуп Россиянын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, искусство таануунун кандидаты, "Царицыно" мамлекеттик корук-музейинин илимий-изилдөө бөлүмүнүн улук илимий кызматкери Юлия Иванова, калыстар тобунун мүчөлөрү болуп колдонмо искусство боюнча эксперт, Кыргызстан тарыхы жана Манас таануу боюнча Кыргызстан эл аралык университетинин окуу-илимий өндүрүштүк комплексинин улук окутуучусу Гүлнара Курманова жана Кыргыз эл сүрөтчүсү, С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик окуу жайынын декоративдик-прикладдык искусство боюнча циклдик комиссиясынын төрагасы Ишенбек Чаланов иш алып барууда.

Сынак 2 күнгө созулуп, жыйынтыгы 9-октябрда чыгарылат.

Эске салсак, КМШга мүчө мамлекеттердин жаштарынын он жетинчи Дельфи оюндарынын катышуучуларын Кыргызстан биринчи жолу кабыл алууда. Оюндардын бардык катышуучулары жана коноктору кыргыз элинин жергиликтүү каада-салты, үрп-адаттары жана маданияты менен таанышып, уникалдуу аянтчага айланат.

КМШга катышуучу-мамлекеттердин он жетинчи Дельфи оюндарынын ачылыш аземи бүгүн, 7-октябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий