• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын дары-дармектерге жеткиликтүүлүгү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте "Көрүүсү, угуусу жана сүйлөөсү боюнча майыптыгы бар адамдар үчүн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, медициналык буюмдардын дары каражаттарынын жеткиликсиздиги" аттуу тегерек стол өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Иш-чарада көрүүсү, угуусу жана сүйлөөсү начар жарандар үчүн товарларды жана кызматтарды, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууда туш болгон кыйынчылыктар жөнүндө изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөтүлдү.

"Учурда Кыргызстанда майыптыгы бар 212 миңге жакын адам жашайт. Алардын 10 миңи көзү көрбөгөн жана көрүүсү начар, 6 миңи дүлөй жана угуусу начар адамдар. Бул жарандардын бардыгы күн сайын көптөгөн кыйынчылыктарга жана көйгөйлөргө туш болушат. Мындай көйгөйлүү маселелердин бири болуп, алар үчүн зарыл болгон товарлардын жана кызматтардын жеткиликсиздиги, ошондой эле дарыканалардан керектүү дары-дармектерди өз алдынча сатып ала албоо саналат. Коомдук транспорттун көзү азиз адамдар үчүн жеткиликсиз болушу дагы бир көйгөй", - деди долбоордун жетекчиси Искендер Султаналиев.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумованын айтымында, мамлекеттик органдар майыптыгы бар адамдардын абалын жакшыртуу үчүн социалдык коргоо системасын өзгөртүү, инфраструктураны жакшыртуу, майыптарга шарттарды түзүү ж. б. талап кылынарын түшүнүшөт.

"Биринчи жолу жарандык, административдик жана жазык иштери боюнча сот процесстерине, ошондой эле документтерди же бүтүмдөрдү нотариалдык жол-жоболоштурууда, мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде угуусу жана сүйлөөсү боюнча майыптыгы бар адамдарга сурдокотормо кызматтарын сатып алуу жана көрсөтүү тартиби иштелип чыккан. Ошондой эле мамлекеттик социалдык заказдын алкагында майыптыгы бар адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн каражаттар бөлүнүүдө", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий